USAIDдин “Окуу Керемет!” долбоорунун демилгеси менен «Фин-чилистен» сынагы өткөрүлдү.
Биздин мектептин 4-класстарынын окуучулары жана алардын ата-энелери арасында USAIDдин “Окуу Керемет!” долбоорунун демилгеси менен «Фин-чилистен» сынагы өткөрүлдү.
Сынактын негизги максаты — башталгыч класстын окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
— Баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо
-ата-энелердин, мугалимдердин жана аны тарбиялоого катышкан башка чоң адамдардын негизги милдеттеринин бири. Бул өзүн-өзү алып жүрүүнү, санаганды жана жазганды билүү гана эмес. Буга үй-бүлөдө жана коомдо – каржылык жана экономикалык мамилелерди билүү үчүн зарыл болгон негизги көндүмдөр да кирет. Жеке материалдык байлыкты жогорулатуу, аны сактоо боюнча билимдердин жана бул үчүн зарыл болгон көндүмдөрдүн жыйындысы катары финансылык сабаттуулукту калыптандыруу — экономикалык социалдаштыруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Баланы башталгыч мектеп курагында эле акча, эмгек, эмгек акы, сый акы жаатындагы элементардык түшүнүктөр менен тааныштырып, ага жеке каржыны башкаруунун алгачкы жолдору жөнүндө айтуу керек. Бул негизинен акча менен байланышкан туура адаттарды, финансылык жактан сабаттуу жүрүм-турум мамилелерин калыптандыруу үчүн зарыл. Бул адаттар балага келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонгонго, туура максат коюуга жана ага жетүүгө жардам берет.
Комментарии