Өрөөн ичиндеги мектептер арасында " Менин чоң атам жана чоң апам " аттуу дилбаяндар сынагы уюштурулду. Иш-чаранын максаты окуучулардын үй- бүлөгө болгон сый урматын, ата-бабалардын тарбиясын даңазалоо эле. Бул иш-чарага биздин мектептен 9-класстын окуучусу Таалайбекова Малика катышып, өзүнүн мазмундук жактан терең, жүрөктөн чыккан дилбаяны менен айырмаланып үчүнчү орунга ээ болуп,…
2025-жылдын 29-сентябрында Койчукеева Назима тарабынан 6-7-8-9-класстардын окуучуларынын катышуусунда "Кылмыштуулукка жол жок!" деген темада тегерек стол уюштурулду. Иш-чаранын максаты- өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзамды урматтоого, жоопкерчиликке жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоо болду. Тегерек столдо…
Омор кызы Айнур башталгыч класстар мугалими 2024–2025-окуу жылында "ZEEN OLYMPICS"олимпиадасына 1-класстан эки окуучусун катыштырды. Математика сабагынан "ZEEN OLYMPICS" олимпиадасынан жогорку жыйынтык көрсөтүп, Эсенканова Акмаржан 2-орун ал эми Алманбетов Нурдан 3-орунга ээ болушту. Бул ийгиликтер Айнур эженин профессионалдуулугун жана эмгегинин жогорку натыйжасын көрсөтөт. Мугалим өзүнүн аракетчилдиги, жоопкерчилиги жана окуучуларды…