Биз жөнүндө

Суусамыр өрөөнү боюнча эң биринчи мектеп 1-Май айылында курулган. Мектеп интернат болгондуктан Суусамыр өрөөнүнүн бардык балдары окуп кат таанышкан. Согуш башталган жылдары мугалимдер согушка кетип, жакшы окуган окуучулар мугалим болуп калышкан. Ошол мектептен ардактуу эс алууга кетишкен. Ошол мезгилде иштеген агайларыбыздын бири химия мугалими Карабеков Сатынбай агайдын наамы мектепке берилген. Алгачкы аты 1-Май атындагы орто мектеби болгон. Карабеков Сатынбай атынлагы орто мектеби 2 окуу имаратынан турат. 1-имараты 1994-жылы Швецария мамлекетинин каражатына курулган. Дубалы бышкан кирпичтен. 2-имараты 1989-жылы ашар жолу менен курулган, дубалы шлакоблок менен көтөрүлгөн. Негизинен 250 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда 175 окуучу окуйт. Имараттын учурдагы абалы жакшы талапка жооп берет. Мектепте жалпысынан 20 мугалим эмгектенет. Ошондой эле информатика кабинети жана күрөш залы бар. Жалпы мектепте 9 компьютер, 2 ноутбук, 3 цветной принтер, 2 жаңы үлгүдөгү телевизор, 1 проектор бар. Күрөшкө мектептин 2-классынын окуучуларынан баштап 11-класстын окуучуларына чейин катышышат. Жалпы күрөшкө катышкан окуучулардын саны 36.