Токтосунов Эржан

Биздин мектептин 6-классынын окуучусы Эржан кичинекей кезинен спортко кызыгып машыгып келет. Спорттун эркин күрөш, панкратион, пенчак силат, кулату, грепплинг, ММА түрлөрү боюнча көптөгөн турнирлерге катышып, ийгиликтерди багындырып келет. 2022-жылдын февраль айында Дагестан өлкөсүнө барып, спорттун панкратион түрү боюнча мелдешке катышып жеңишке ээ болгон.