Ак тилек уюму
*Президент:*
Насырынбекова Акылай 10-класстын окуучусу
*Премьер-министр:*
Асанбекова Айпери 10-класстын окуучусу
*Билим министри:*
Жунушова Бермет 9-класстын окуучусу
*Маданият министри:*
Темирова Алтынай 9-класстын окуучусу
*Спорт министри:*
Таштанбеков Байсал 9-класстын окуучусу
Ак-Тилек уюмунда жалпысынан 5 министр иштейт. Министирлердин ар бири өзүнүн ордуна жараша иштерди аткарышат.
*Президент:* Жалпы Ак-Тилек уюмунун негизинде уюшулган иш-чараларды көзөмөлдөп жана башка министирлерли үстүртөн карап туруучу адам.
*Премьер-министр:* Чечим чыгарууда президентке жардам берип,башка министирлердин уюштура турган иш-чараларына жол көрсөтүүчү адам.
*Билим министри:* Жалпы мектептеги окуучулардын китептеринин тазалыгына,тытылбаганына көз салат. Андан тышкары тез окуу сынактарын уюштурат.Мугалим менен биргеликте предметтик иш чараларды, сынактарды уюштуруучу адам.
*Маданият министри:* Жалпы мектептик иш-чараларды көзөмөлдөп, уюштурат. Ар кандай майрамдар болгондо мугалимдерге программа түзүүгө жардам берет жана башка.
*Спорт министри:* Агайлар менен бирге спорт боюнча сынактарды өткөрүп турат. Мектепте боло турган шахмат, футбол, волейбол, тез чуркоо сынактарын уюштуруп аларга көзөмөл болот.
Комментарии