1-сентябрь Билим күнү!
Билим күнү (1-сентябрь, Биринчи коңгуроо майрамы) — орто мектептердеги окуу процессинин (жаңы окуу жылынын) үч айлык эс алуудан кийин башталышын айгинелеген майрам, салтанаттуу иш-чара. 1-сентябрь күнү — иш күн.
Салттуу түрдө бул күнү окуу жылынын салтанаттуу ачылышы, класстык сааттар, ошондой эле, билим, илим, дүйнө, коопсуздук, жаратылыш, тиричилик, кайраттуулук ж. б. сабактар өтөт.
Билим күнү бул — бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.
Комментарии