4-декабрь “Манас”-эпосунун күнү
Бул майрам 2015-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Башкы максаты — «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада «Манас таанууну» өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо.
“Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма — 500 миң 553 ыр сабынан турат. Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралган.
Алар: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек». Биздин мектепте Манас күнүнө карата “Манас таануу” интеллектуалдык оюну болуп өттү. оюнга 8-класстын окуучулары катышышты.
Комментарии