21-март Нооруз майрамы!
Нооруз (фарс. نوروز, ЭФА: [nouˈɾuːz] — «Жаңы күн») — Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен. Биз дагы бүгүн берекелүү Нооруз майрамын майрамдадык.
Комментарии