Шаршенбек кызы Жылдыз-физика мугалими
2025-жылдын 14-октябрында Шаршенбек кызы Жылдыз 7-класска “Массаны кантип өлчөйбүз?” деген темада ачык сабагын 5Е модели боюнча өттү. Сабак учурунда мугалим заманбап технологияларды колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттыра алган. Окуучулар практикалык иштерди так жана жогорку деңгээлде аткарышты. Баалоо этабында окуучуларды кызыктыруу максатында атайын программа колдонулуп, сабактын натыйжалуулугун камсыз кылды. Сабак өз максатына жетип, “жакшы” деп бааланды. Мугалим аракетчил, чыгармачыл жана окуучулардын кызыгуусун арттыруунун үстүндө тынымсыз иш алып барууда.





Комментарии