Мырзабек кызы Айзат — математика, информатика мугалими.
Мырзабек кызы Айзат — өз ишине жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу жана чыгармачыл педагог. Ал окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана кызыгуусун арттырууда ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келет. 2025-жылдын 22-октябрь күнү 5-класска “Бурчтарды чамалоо, салыштыруу жана анын түрлөрү” темасында ачык сабак өттү. Сабак Сингапурдук 5E моделинин негизинде уюштурулуп, ар бир этап окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана топ менен иштөө көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталды. Сабактын жүрүшүндө Айзат мугалим практикалык тапшырмаларды, визуалдык материалдарды жана интерактивдүү усулдарды пайдаланып, окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттырды. Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, катышкан мугалимдер тарабынан жогору бааланды.







Комментарии