«Мугалим улуу устат»
Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген бул-Мугалим. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим. Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп урушуп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим, ыраазычылык, иштеген иштери бааланып, мугалимдердин кесиптик майрамына карата төмөнкү мугалимдер сыйланышты.
1. Исабаева Жамила Акылбековна мектептин ардак грамотасы
2. Дүйшеева Айсулуу Нурбековна мектептин ардак грамотасы
3. Джунушбаева Элмира Азимкановна айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы
4. Койчукеева Назима Илисбековна айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы
5. Омор кызы Айнур ЖРБББ ардак грамотасы
6. Тойгонбаева Назгүл Ыязовна Республикалык «Аялдар кеңеши» ардак грамотасы
7. Адылбек кызы Элнура КР Жогорку кеңешинин ыраазычылык каты
8. Шаршенбек кызы Жылдыз КР Жогорку кеңешинин ыраазычылык каты
9. Адылбек кызы Элнура Кыргыз Республикасын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы
10. Белеков Кыялбек Шапданбекович эл агартуунун отличниги төш белгиси
Комментарии