«Мугалим-чырпыктан чынар өстүрөт»
Мугалимдик кесип – эң улуу кесип, себеби бул кесиптин терең тарыхы бар, анын башаты адамзат жаралган заманга барып такалат. Мугалим гана элдик дарыгерди, адилеттүү сотту, тартип сакчыларын, эл башкарган ажолорду дегеле бардык кесип ээлерин тарбиялап чыгарып, билимге сугарат, анын кулк мүнөзүн калыптандырат. Мугалимден башка бир да кесип инсандын, коомдун келечегине таасир бере албайт.
Тойгонбаева Назгүл Ыязовна башталгыч класстар мугалими. 2023-2024-окуу жылында 1-класстарды жетектеп келет. Назгүл эже окуучуларды билим таймашка эң мыкты деңгээлде даярдаганынын жыйынтыгында окуучусу Молдогазиева Айзирек Республикалык ZEEN OLIMPIAD 2 олимпиадасында математика сабагынан өз билимин жогорку деңгээлде көрсөтүп биринчи орунду багындырып, алтын медалга ээ болду.
Комментарии