«Мугалим билимдин булагы»
Саргазакова Нуржан – башталгыч класстардын тажрыйбалуу жана чыгармачыл мугалими. Өзүнүн кесипке берилгендиги жана үзүрлүү эмгегинин натыйжасында окуучуларына татыктуу билим, жакшы тарбия берип келет. Ал дайыма жаңы усулдарды колдонууну, заманбап технологияларды сабакта пайдаланууну адат кылган. Окуучуларынын ийгилиги – мугалимдин эмгегинин күзгүсү экендиги баарына маалым. Нуржан эженин окуучусу Дженишбекова Айпери 2024-2025-окуу жылындагы Жайыл райондук кенже мектеп окуучуларынын олимпиадасынын 2-этабында математика предметинен 1-орунду жеңип, мугалимдин талыкпаган эмгегин жана жогорку чеберчилигин дагы бир жолу далилдеп берди. Саргазакова Нуржан эже өз кесибине берилген, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн, ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеген, кесиптештерине үлгү боло турган мыкты мугалим.




Комментарии