Койчукеева Назима кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими
2025-жылдын 6-октябрь күнү 9-класста кыргыз тили сабагынан » Каратма сөз » темасында ачык сабак болуп өттү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Койчукеева Назима жогорку деңгээлде өттү.
Сабактын жүрүшүндө мугалим заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, окуучулардын активдүүлүгүн, ой жүгүртүүсүн жана сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган иш-аракеттерди уюштурду. Окуучулар жигердүү катышып, өз ойлорун эркин билдиришти.
Жыйынтыгында мугалимдин сабагы максатына толук жетти деп бааланып, мугалимдин чыгармачыл мамилеси жана усулдук чеберчилиги жогору деңгээлде белгиленди.







Комментарии