Койчукеева Эльнура кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим
2025-жылдын 25-сентябрь күнү 5-класска кыргыз адабияты сабагынан «Макал-лакаптар»деген темада ачык сабак өттү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Койчукеева Эльнура жогорку деңгээлде өтүп берди. Сабактын жүрүшүндө мугалим жагымдуу маанай менен уюштуруп, жакшы маанай менен сабакты баштады. Мугалим тажрыйбалуу, көп изденет, мугалим окуучулар менен тыгыз байланышта. Окуучулар сабакка жигердүү катышып, өз ойлорун кеңири, эркин билдиришти. Окуучулар макал-лакаптар улап, кызыгуу менен иштеп жатышты. Жыйынтыгында мугалимдин сабагы максатына толук жетип, жакшы деп бааланып, мугалимдин окуучуларга мамилеси, чыгармачыл усулдук чеберчилиги жогору деңгээлде белгиленди.
Койчукеева Эльнура эже ишиңизге ийгилик, талыкпай эмгектенип, талыкпай иштеп, эмгегиңиздин үзүрүн көрө бериңиз!




Комментарии