Колунан көөрү төгүлгөн окуучу
Шаршенбек кызы Жылдыз – окуучуларынын чыгармачылык жана илимий потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө аракет көргөн мугалим. Ал өз предметин тереңдетип окутуу менен гана чектелбестен, окуучуларды инновациялык ой жүгүртүүгө жана практикалык чеберчиликтерди өздөштүрүүгө шыктандырат. Анын дагы бир мыкты жетишкендиги – 2023-жылдын февраль айында 7-класстын окуучусу Канатбеков Элнурдун илим жана техника күнүнө карата жасаган ийгилиги.
Элнур «Тюк подборщик» деп аталган айыл чарбага багытталган машинанын жаңы моделин ойлоп таап, өз колу менен жасап чыгууга жетишкен. Бул долбоор айыл чарба иштерин жеңилдетүүгө жана натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган инновациялык чечим болду. Элнурдун эмгеги Жайыл районунда чоң бааланып, ал 1-орунга ээ болду.
Бул жетишкендик – Жылдыз эженин окуучуларына болгон өзгөчө мамилесинин жана колдоосунун жемиши. Ал Элнурду өз идеясын ишке ашырууга шыктандырган, зарыл болгон теориялык маалыматтарды жана практикалык кеңештерди берген. Ошондой эле, долбоорду ишке ашыруу процессинде окуучунун чыгармачылыгын жана өз алдынча иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө чоң көңүл бурган.
Комментарии