Карысы болбой эл болбойт!
“Карынын кебин капка сал” демекчи, келечекти көрө билип, жаш муунду туура жолго тарбиялоодо ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол тапкандай эле. Арийне, көптөгөн кылымдардан бери карай кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келгендигин нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп турат. Ошондой эле биздин мектептин 9-классынын окуучулары 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата айылыбыздагы ак сакал аталарыбызды, ак элечек апаларыбызды конокко чыкырып майрамдык маанай тартуулашты.
Комментарии