«Изденген мугалим ийгилик жаратат»
Талыкпаган эмгек менен, мекенчилдик сезим менен, өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылып, өз өмүрүн келечек муундардын өнүгүшүнө арнаган, чырпыктан чынар өстүргөн ардактуу кесипти аркалоо чоң жоопкерчилик, чоң жүк. Мындай кесиптин ээси болуш ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу. “Мен мугалим болом” дегендин бары эле мугалим боло албайт, чыдамдуу, сезимтал, жүрөгү кенен, мээрими чексиз инсан гана өмүр боюу мугалимдик кесиптин түйшүгүн көтөрүп, өз кесибин мыкты биле алат. Мына ушундай кесипкөй, аракетчил, иштеген ишинен баар таап, көп ийгилик жараткан мугалимдердин бири Адылбек кызы Элнура. 2023-2024-окуу жылында алган сыйлыктары.
1. Суусамыр айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы
2. Жайыл Райондук Мамлекеттик Администрациясынын ардак грамотасы
3. Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан ыраазычылык каты
4. Мектептин ардак грамотасы
5. КР нын Жогорку кеңешинин ыраазычылык каты
6. КР нын Билим Берүү жана Илим министрлигинин ардак грамотасы
Комментарии