«Билимдүүгө дүйнө жарык»
Эл аралык ийгилик! 🌏✨
2024-2025-окуу жылында Эл аралык SIMOC (Singapore International Mathematics Olympiad Challenge) олимпиадасына 5-класстын окуучусу Эрнисов Абубакр математика сабагы боюнча катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү. Алгач Абубакр 8-апрелде Бишкек шаарынан регионалдык бул олимпиаданын 1-турунда ийгиликтүү турган өтүп чыгып, бронза байгесине ээ болуп, Сингапур шаарына глобалдык турган жолдомо уткан. Сингапурда өткөн негизги этапта болсо ал өзүнүн билимине, эмгегине жана шыктуулугуна таянып, алтын медаль тагынды! 🥇 Бул жетишкендик — окуучунун өз аракетинин, ата-энесинин жана мугалиминин үзүрлүү эмгегинин натыйжасы. Абубакрдын бул ийгилиги — Кыргызстандын атынан катышкан окуучулардын арасынан жалгыз “алтын” алып келген жетишкендик болуп саналат. Бул биздин өлкө үчүн да чоң сыймык! 🇰🇬 Аны бул олимпиадага даярдаган мугалими — Мырзабек кызы Айзат, математика жана информатика мугалими, ошол эле учурда Абубакрдын апасы. Ал уулун талыкпай машыктырып, эл аралык деңгээлдеги сынакка терең даярдык көрүүгө көмөк көрсөткөн. Айзат мугалимдин эмгеги — баланын ийгилигинин башкы сыры болду десек жаңылышпайбыз. Бул жетишкендик — үй-бүлөнүн, мугалимдин жана мектептин биргелешкен эмгегинин жемиши. Абубакрдын бул ийгилиги башка окуучуларга да шыктануу, аракетчил болууга үлгү болуп калды.









Комментарии