Өрөөн ичиндеги мектептер арасында » Менин чоң атам жана чоң апам » аттуу дилбаяндар сынагы уюштурулду. Иш-чаранын максаты окуучулардын үй- бүлөгө болгон сый урматын, ата-бабалардын тарбиясын даңазалоо эле. Бул иш-чарага биздин мектептен 9-класстын окуучусу Таалайбекова Малика катышып, өзүнүн мазмундук жактан терең, жүрөктөн чыккан дилбаяны менен айырмаланып үчүнчү орунга ээ болуп, Ардак грамота жана акчалай сыйлык […]
04.12.2025 7
2025-жылдын 29-сентябрында Койчукеева Назима тарабынан 6-7-8-9-класстардын окуучуларынын катышуусунда «Кылмыштуулукка жол жок!» деген темада тегерек стол уюштурулду. Иш-чаранын максаты- өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзамды урматтоого, жоопкерчиликке жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоо болду. Тегерек столдо окуучулар активдүү катышып, кылмыштуу көрүнүштөрдүн […]
30.10.2025 20
Омор кызы Айнур башталгыч класстар мугалими 2024–2025-окуу жылында «ZEEN OLYMPICS»олимпиадасына 1-класстан эки окуучусун катыштырды. Математика сабагынан «ZEEN OLYMPICS» олимпиадасынан жогорку жыйынтык көрсөтүп, Эсенканова Акмаржан 2-орун ал эми Алманбетов Нурдан 3-орунга ээ болушту. Бул ийгиликтер Айнур эженин профессионалдуулугун жана эмгегинин жогорку натыйжасын көрсөтөт. Мугалим өзүнүн аракетчилдиги, жоопкерчилиги жана окуучуларды шыктантып, ийгиликке жетелөө жөндөмү менен […]
29.10.2025 15
Мырзабек кызы Айзат — өз ишине жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу жана чыгармачыл педагог. Ал окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана кызыгуусун арттырууда ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келет. 2025-жылдын 22-октябрь күнү 5-класска “Бурчтарды чамалоо, салыштыруу жана анын түрлөрү” темасында ачык сабак өттү. Сабак Сингапурдук 5E моделинин негизинде уюштурулуп, ар бир этап окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана […]
26.10.2025 14
2025-жылдын 14-октябрында Шаршенбек кызы Жылдыз 7-класска “Массаны кантип өлчөйбүз?” деген темада ачык сабагын 5Е модели боюнча өттү. Сабак учурунда мугалим заманбап технологияларды колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттыра алган. Окуучулар практикалык иштерди так жана жогорку деңгээлде аткарышты. Баалоо этабында окуучуларды кызыктыруу максатында атайын программа колдонулуп, сабактын натыйжалуулугун камсыз кылды. Сабак өз максатына жетип, “жакшы” деп бааланды. Мугалим […]
16.10.2025 19
Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим этүү менен ыраазычылык гана айтсак арзыйт. 5-октябрь – мугалимдердин кесиптик майрамына карата мектебибизде мугалимдердин эмгеги жогору бааланып, мыкты жетишкендиктери үчүн жети мугалим […]
16.10.2025 20
2025-жылдын 5-октябрында биздин мектепте Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган майрамдык кече болуп өттү. Иш-чараны Шаршенбек кызы Жылдыз өзү жетектеген класс, 11-класстын окуучулары менен биргеликте уюштурду. Кече жүрүшүндө окуучулар мугалимдерге арналган ырлар, куттуктоолор жана кызыктуу концерттик номерлерди тартуулашты. Мугалим чыгармачылык менен жогорку денгээлде дайындаган. Мектеп жамааты бардык мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, чыгармачылык […]
15.10.2025 17
Эл аралык ийгилик! 🌏✨ 2024-2025-окуу жылында Эл аралык SIMOC (Singapore International Mathematics Olympiad Challenge) олимпиадасына 5-класстын окуучусу Эрнисов Абубакр математика сабагы боюнча катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү. Алгач Абубакр 8-апрелде Бишкек шаарынан регионалдык бул олимпиаданын 1-турунда ийгиликтүү турган өтүп чыгып, бронза байгесине ээ болуп, Сингапур шаарына глобалдык турган жолдомо уткан. Сингапурда өткөн […]
15.10.2025 33
2025-жылдын 25-сентябрь күнү 5-класска кыргыз адабияты сабагынан «Макал-лакаптар»деген темада ачык сабак өттү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Койчукеева Эльнура жогорку деңгээлде өтүп берди. Сабактын жүрүшүндө мугалим жагымдуу маанай менен уюштуруп, жакшы маанай менен сабакты баштады. Мугалим тажрыйбалуу, көп изденет, мугалим окуучулар менен тыгыз байланышта. Окуучулар сабакка жигердүү […]
15.10.2025 20
2025-жылдын 6-октябрь күнү 9-класста кыргыз тили сабагынан » Каратма сөз » темасында ачык сабак болуп өттү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Койчукеева Назима жогорку деңгээлде өттү. Сабактын жүрүшүндө мугалим заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, окуучулардын активдүүлүгүн, ой жүгүртүүсүн жана сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган иш-аракеттерди уюштурду. Окуучулар жигердүү катышып, өз ойлорун эркин билдиришти. Жыйынтыгында мугалимдин сабагы […]
15.10.2025 20
2025-2026-окуу жылында “Алтын Казык” мамлекеттик билим берүү программасынын алкагында ноутбуктар берилди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан “Алтын Казык” программасынын негизги максаты – 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү камсыз кылуу жана мугалимдерди заманбап окутуу каражаттары менен жабдуу болуп эсептелет. Ушул программанын алкагында биздин мектепке мугалимдер үчүн атайын ноутбуктар берилди. Ноутбуктар […]
02.10.2025 37
Саргазакова Нуржан – башталгыч класстардын тажрыйбалуу жана чыгармачыл мугалими. Өзүнүн кесипке берилгендиги жана үзүрлүү эмгегинин натыйжасында окуучуларына татыктуу билим, жакшы тарбия берип келет. Ал дайыма жаңы усулдарды колдонууну, заманбап технологияларды сабакта пайдаланууну адат кылган. Окуучуларынын ийгилиги – мугалимдин эмгегинин күзгүсү экендиги баарына маалым. Нуржан эженин окуучусу Дженишбекова Айпери 2024-2025-окуу жылындагы Жайыл райондук кенже мектеп окуучуларынын […]
02.10.2025 25