Адылбек кызы Элнура

Адылбек кызы Элнура- география мугалими жана окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Иштеген жылдарында көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.
2020-2021- окуу жылында Жайыл райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган «Жылдык мыкты мугалими-2021» кароо сынагында 2-орунду ээлеген.
2015-жылдан бери Суусамыр өрөөнүндөгү мектептер арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык долбоор өткөрүлүп келет. Элнура окуучуларды билим таймашка эң мыкты деңгээлде даярдаганынын жыйынтыгында 2015-жылы Насырынбекова Акбарчын 2-орунга, 2022-жыл Сардарбеков Кутман 1-орунга, 2024-жылы Насырынбекова Акылай 1-орунга ээ болушкан. Ал эми 2023-2024-окуу жылында 11-класстын окуучусу Шапданбеков Бекболду география сабагынан олимпиадага жогорку деңгээлде даярдап Республикалык олимпиаданын райондук этабында 1-орунду, облустук этабында 3-орунду багындырды.